Connect with us

Токаев алгачкы жолу Назарбаевди сындады

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 6400 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин колдоосун алган эл аралык деңгээлдеги ири казак компаниялары тууралуу сөз кылды.

Ал бүгүн жаңы өкмөттүн курамын дайындап жатып, Казакстанда бир катар саясий-экономикалык реформалар боюнча да сөз козгоду. Анын айтымында, «Казакстан калкына» деген атайын фонд түзүлөт. Ага каражат чогултууга казакстандык ири миллиардерлер көмөк көрсөтүшү керек.

«Биринчи президент – Эл башынын колдоосу менен өтө кирешелүү компаниялардын тобу жана эл аралык стандарттарга ылайык болгон өтө бай адамдардын бир ууч тобу пайда болду. Аларга казак элине сый-урмат көрсөтүп, эми системалуу түрдө жардам берүү убагы келди деп айтмакчымын. Өкмөт бул компанияларды аныктап, алар менен атайын фондго которулуучу каражаттын жылдык көлөмүн белгилеп алышы зарыл», — деп кошумчалаган казак президенти.

Ошондой эле Токаев өлкөдөгү башка байларды да калктын турмушун оңдоо аракеттерине кол кабыш кылууга чакырып өттү.

Казакстан президентинин бул билдирүүсү коомчулукта туңгуч президент Нурсултан Назарбаевге карата айтылган алгачкы сын катары кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM