Марал Радиосу

Бактыбек Калмаматовдун жактоочуларынын өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Саясатчынын жактоочулары ал кармалган учурда парламенттик шайлоого талапкер болгонун, бул шартта анын камалышы мыйзамсыз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырган жок. Саясатчынын бөгөт чарасы 12-январда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бүгүнкү отурумга Бактыбек Калмаматов алып келинген жок.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.