Марал Радиосу

Көз карандысыз эксперттердин билим берүү мыйзамы боюнча кайрылуусу

Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетинин төрагасына, Билим берүү жана илим министрине, Финансы министрине кайрылуу

2021-жылдын 20-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары — ББжИМ) «Плаза» мейманканасында тегерек стол өткөрүп, билим берүү жана илим жөнүндө мыйзам долбоорлорун сунуштаган.

Министрлик тегерек стол тууралуу маалыматты жарыялаган жок. Катышуучулар тандалма түрдө чакырылган. Көптөгөн кызыкдар тараптар талкуу өткөнүн кийин билишкен. Ал эми залда көпчүлүгү министрликтин эле кызматкерлери болгон. Билим берүү мекемелери, билим берүү мекемелеринин ассоциацияларынын өкүлдөрү, эксперттер жана билим берүү тармагынын башка өкүлдөрү чакырылган жок.

Буга чейин, 2021-жылдын 17-декабрында ББжИМ айрым мекеме-уюмдардын жетекчилерине (тизмеси белгисиз) кат жолдоп, анда министрлик үч мыйзам алдындагы актыларды — Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорлорун:

билим берүү иши жөнүндө,

илимий иш жөнүндө,

окуу жана илимий ишти каржылоо жөнүндө министрликтин адистери тарабынан иштелип чыккандыгы тууралуу кабарлаган.

Катта министрлик 2021-жылдын 23-декабрына чейин үч токтомдун долбооруна сын-пикирлерди берүүнү суранган. Бул мүмкүн эмес. Анткени берилген документтердин көлөмү 350 барактан ашат.

Ошентип, ББжИМ, билим берүү тармагы үчүн эң маанилүү документтерди талкуулоодо, тымызын, шашылыш иш алып барып, документтерди тийиштүү талкуусуз жана билим берүү тармагындагы бардык кызыкдар тараптардын пикирин эске албастан өткөрүүгө аракет кылууда.

Ошол эле учурда бул тармакка жүз миңдеген адамдар тартылып, билим берүү чыгымдары мамлекеттик бюджеттин дээрлик төрттөн бирин түзөт (2020-жылы 40 миллиард сомго жакын).

Мындай аракеттер ББжИМнин ишмердигине ишенбестик жаратат. Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам долбоорлору жана мыйзам алдындагы актылар коомдун муктаждыктарына да, өлкө жетекчилеринин саясий билдирүүлөрүнө да дал келбей, түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну талап кылат.

Мыйзам жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ББжИМ тарабынан сунушталган түрүндө кабыл алынышы мүмкүн эмес. 2021-жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кыргызстан элине кайрылуусунда (мындан ары — Президенттин кайрылуусу) билим берүү тармагындагы реформаларды жарыялаган. 12-октябрда президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы (мындан ары Улуттук программа) бекитилген.

Президенттин кайрылуусунда жана Улуттук программада билим берүү тармагында системалык реформаларды жүргүзүү керектиги, билим берүү системасы экономика жана жаңы замандын талабына жооп бериши керектиги, мектепке чейинки билим берүү рыногун өнүктүрүү зарылдыгы, билим берүүнүн мазмунун жана ыкмаларын кайра карап чыгуу зарыл экендиги, билим берүүдөгү мамлекеттик каржылоону өзгөртүү зарылдыгы , ваучердик системаны киргизүү жана башка бир катар актуалдуу маселелерди чечүү керек экендиги жөнүндө айтылган.

Стратегиялык долбоорлорду ишке киргизүү тууралуу мамлекеттик документтерде да булар айтылат:

-натыйжалуулукка негизделген бюджетке өтүү;

-каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулуктун финансылык эмес көрсөткүчтөрүн колдонуу;

-мектепке чейинки билим берүүнү эки эсеге көбөйтүү зарылчылыгы;

-мектепке чейинки билим берүү кызматтарын лицензиялоо системасын кайра карап чыгуу, кадрларды аттестациялоону киргизүү;

-мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын кайра карап чыгуу;

-окуучулардын жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз текшерүүнү ишке киргизүү;

-«окуучуларды ээрчиген бюджеттик акча» деген принципти кеңири жайылтуу;

-мектептердин финансылык жана административдик өз алдынчалыгын киргизүү;

-университеттерди финансылоонун жана алардын өз алдынчалыгын чыңдоо принциптерин өзгөртүү жана башка бир катар прогрессивдүү системалуу өзгөрүүлөрдү киргизүү.

ББжИМ тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлору да, токтом долбоорлору да жогорудагы реформаларды ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзбөйт.

Мындан тышкары, сунушталган долбоорлор өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, илимди өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, Президенттин кайрылуусуна жана Улуттук программага түздөн-түз карама-каршы келет. Билим берүү тармагын өнүктүрүү билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн өнүгүүсү менен гана ишке ашат. Бул үчүн алар чечим кабыл алуу эркиндигине ээ болушу керек. Бирок, ББжИМ менчиктин бардык түрүндөгү билим берүү уюмдарынын окуу жана илимийметодикалык башкаруу маселелерин, окуу жана окуу-методикалык адабияттарды басып чыгарууну, окуу мөөнөттөрүн белгилөөнү, квалификацияны жогорулатууну жана башка бир катар маселелерди жөнгө салып, катуу көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт. Бул милдеттердин баарын ББжИМ өзүнө жүктөгөн.

Билим берүү уюмдары өз иштерин ББжИМ бекиткен жоболордун алкагында гана жүргүзүүгө милдеттүү. Министрликтин макулдугусуз, каттоо мүмкүн болбойт. Ушуну менен ББжИМ Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өзүнө алган. ББжИМ ар кандай типтеги окуу жайлары боюнча ондогон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыккан. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык гана эмес, жеке уюмдар да баш ийиш керек.

Ошондой эле окуу жайлардын ичиндеги ички бөлүмдөрдү, комиссияларды жана жолжоболорду түзүү менен, алардын иштеши боюнча бир катар жоболор иштелип чыгып, ишке ашыруу үчүн белгиленген. Бул нускамалар, менчигинин түрүнө карабастан, бардык окуу жайлары үчүн милдеттүү болуп саналат. 3 жогорку деңгээлдеги жөнгө салуу лицензияларды берүүдө, лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана аккредитациядан өтүүдө коррупциянын булагы болуп саналат.

Жөнгө салуу жана коррупциялык кысымдар билим берүү тармагын өнүктүрүү жолунда чечилгис тоскоолдуктарды жаратууда. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүүгө балдарды камтуу боюнча чоң көйгөй бар. Балдардын 25%ы гана мектепке чейинки уюмдар менен камсыздалган.

Мындай көрүнүш алардын мектепте билим алуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Мамлекет ондогон жылдар бою бул маселени чече албай келет.

Президенттин кайрылуусунда жана Улуттук программада мектепке чейинки билим берүү кызматтарын кеңейтүү жана балдарды камтууну эки эсеге көбөйтүү, ошондой эле, лицензиялоону кайра карап чыгуу жана аттестациялоону киргизүү зарылчылыгы айтылган. Бирок, ББжИМ, тескерисинче, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоону татаалдаштырып, өтө эле жогорку талаптарды койуп, көптөгөн жарандар үчүн аларды аткаруу мүмкүн болбогондой кырдаалды түзөт.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстанда да мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги 2011-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоо жокко чыгарылып, бир нече жыл ичинде алар дээрлик 100% балдарды камтууга жетишкен. Саясий билдирүүлөрдө каржылоо системасынын өзгөрүшү жөнүндө бир нече жолу айтылган. Бирок, ББжИМ тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунда жана мыйзам алдындагы актыларда ваучер жана “окуучуну ээрчиген бюджеттин акчасы” деген принцип боюнча бир да сөз жок. Натыйжага негизделген бюджетке өтүүнүн механизмдери сунушталган эмес. ББжИМ сунуштаган долбоорлордун биринде да Улуттук программада белгиленген каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулуктун финансылык эмес көрсөткүчтөрүн колдонуу зарылчылыгы боюнча маселе чагылдырылган эмес.

ББжИМнин тапшырган документтерине ылайык, бюджеттик ыкма ошо бойдон сакталып калган. Ал боюнча ББжИМ өлкөнүн бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн, иш жүзүндө, жалгыз башкарат.

Сунушталган мыйзам долбоорлору жана мыйзам алдындагы актылар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана өлкө жетекчилиги жарыялаган реформаларды ишке ашырууга чоң тоскоолдуктарды жаратууда. Мыйзам долбоорлорун жана мыйзам алдындагы актыларды чакыртып алуу керек деп эсептейбиз.

Президенттин кайрылуусунда жана 2026-жылга чейинки Улуттук программада коюлган милдеттерге ылайык келген концепциялык жаңы документтер жарандык коомду, билим берүү тармагынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди кеңири тартуу менен иштелип чыгышы керек.

Урматтоо менен (тизмеси тиркемеде)

Список организаций, поддержавших резолюцию и письмо по законопроекту об образовании (1)

Exit mobile version