Марал Радиосу

Бишкекте лифтке кыпчылып калган жаран каза болду

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Улан-1 кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып калып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А. К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен кирип бараткан учурда, лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган эмес.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 кызматкер барган.