Марал Радиосу

Алматыдан 150 кыргызстандык мекенине алып келинди

Бүгүн, 11-январда Алматы шаарынан 150 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул жарандар Кызыл крест комитетинин колдоосу менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу уюштурган атайын автобустар менен келишкен.

Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргызстандын жарандары — З. Юбуров, А. Хуров, А.Р. Жишанло, И. Мачо бошотулду.

Мындан тышкары дагы бир кыргызстандык Баялы Төрөгелдиевдин Чымкент шаарында укук коргоо органдары тарабынан сурак убагында катуу сабалып, оор абалда медициналык жардамга муктаж экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылды. Министрликтин маалыматына караганда, Баялы Төрөгелдиев ден соолугу жакшы, үйүндө.

Ал эми Казакстандагы башаламандыктар учурунда каза болгон кыргызстандык жаран Алмаз Мусаевдин сөөгүн мекенине алып келүүгө уруксат алынды.

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 —  ыкчам телефон номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989-895

+996 709 983 465;

Нур-Султан  шаарындагы элчилик

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009