Марал Радиосу

Матраимов Африкадагы айылдардын бирине суу чыгарып берди

Африка өлкөлөрүнүн бириндеги айылда Матраимов атындагы суу кудугу пайда болду. Бул боюнча видео маалыматты Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Instagram баракчасына жүктөдү. Ошол эле видеону Нургазы Мусаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бөлүштү.

Видеодон «Матраимовдун үй-бүлөсү» деген жазуусу бар кудукка айыл тургундары чогулуп, суу алып жатышканын көрүүгө болот.

Райымбек Матраимов буга чейин коррупцияга шектелип кармалып, тергөө менен келишип, мамлекетке 2 млрд сом төлөгөн. Андан кийинки соттук отурумда 260 миң сом кошумча айып салынып, акталып чыккан.

Exit mobile version