Марал Радиосу

ИИМ: Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди (видео)

Кыргызстандын ТИМинин, ИИМинин жана УКМКсынын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аны «Ак-Жол» чек ара бекетинен укук коргоо органдарынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, туугандары, жакындары тосуп алды.

Учурда Викрам Рузахунов Кыргызстандагы үйүнө жеткирилди.

Ал видео кайрылуу жасап, аны куткарып чыккандардын, таламын талашкандардын баарына ыраазычылык билдирди.