Бүгүнкү күнгө карата Казакстандын түндүгүндө, Нур-Султан шаарында башаламандык боюнча кармалган Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев «Маралга» маалымдады.
«Бүгүнкү күнгө карата Казакстандын түндүгүндө, Нур-Султан калаасын кошкондо, эч бир жаран кармалган жок, жоголгондор да болгон жок. Кармалгандардын көбү Алматы облусунда болуп жатат. Ал жакта биздин консулдук кызматыбыз иштеп жатат. Андан сырткары атышуу болуп жатканына байланыштуу 2-3-январдан баштап аэропортто калып калган жарандарыбыздан эч жакка чыкпай туруусун өтүнүп, түздөн-түз байланышып жаттык», — деп билдирди Дүйшекеев.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Казакстандан Кыргызстанга «Кордай унаа жолу» бекети аркылуу чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Чек арадан өтүүдө эркектер катуу текшерилип жатат.
«Алматыда аэропортто калып калган жарандар бустар менен чыгарылган. Ал эми «Нур-Султан» аэропортунда калган жарандар кечээ, 9-январда таңкы учак менен жөнөтүлдү. Мен өзүм кошо барып, текшерип, ар биринин байланыш номерлерин алып, айрымдарын өзүмдүн үйүмө жаткырдым. Ошондой эле кээ бирлерин поезд менен жөнөтсөк, кээ бирине билеттерди мен өзүм алып берип жаттым», — дейт элчи.
Эскерте кетсек, Казакстанда калган жарандарды алып өтүү үчүн 12-январда дагы бир каттам уюштурулат.