Биз менен байланышыңыз

Атайбек Бөдөшов: 90-жылдары маданият үйүн малкана кылып, китептерди сыртка ыргыткан айылдар болгон

Бул инсан чыгармачылыкка беш жашынан аралашкан. 50 жылдан ашуун убакыттан бери муундан-муунга мурас болуп калуучу оригинал кайрыктарды издеп келет. Өнөр жолдогу бул изденүү өз жемишин берип, учурда 400гө чукул ыр-романс, хор, 800гө жакын обон, күү жаратты. Жараткан обондорунун көпчүлүгү музыка ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк таап, аткаруучулардын репертуарынан түшпөй келаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, композитор, күүчү Атайбек Бөдөшов «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасына конок болду.

— Агай, айтууга оңой, бирок көп эмгекти талап кылган чыгармачылык боюнча сүйлөшөлү. Алгач, ушул сиздин кызыгууңузду арттырган, өзүнүн дүйнөсүнө тарткан талант жөнүндө сөз баштасак…

— Бул чөйрөгө жөн жеринен аралышып калган жокмун. Атам чоң комузчу болгон. Токтосун Тыныбеков баш болгон ошол кездеги залкарлар менен үзөңгүлөш иштеген. 1950-жылдары маданиятка катуу көңүл бурулуп, жакшы карашкан экен. Ал кезде артисттер айыл жергесине барганда бир укмуш майрам болчу. Атам айтылуу Атай Огомбаевдин окуучусу болгон. Ал: «Эгерде уулдуу болсоң, менин атымдан кой», — деген экен. Менин Атайбек болуп калганым ошондон.

Биздин үйгө артисттер көп келчү. Шекербек Шеркулов, Мыскал апабыз дайыма конок болуп кетчү. Мына ушулардын таасири болдубу же генденби, айтор 5-6 жашымда комуз чертип калдым. Кичинекейимде көп этибар бербепмин, кийин түшүндүм. Акындарга ыр кандай куюлуп келсе, композиторлорго үн ошондой келет. Ар кандай үндөр биринин артынан бири келип, мени кыйначу. Кээде башымды кармап ыйлачумун. Аны жазып, сыртка чыгаруу керектигин билсемчи?! Эң алгачкы «Кыргызстаным» аттуу обонум (сөзү Карачал Курманбаевдикиред.) 1965-жылы жазылган. Ага чейин деле обондор жазылган дечи, бирок менин атымды тааныткан, көптөгөн сыйлыктарга ээ кылган ушул ыр болду. Ошон үчүн аны дебюттук чыгарма катары санайм.

1969-жылы мектепти бүтүп, айылда иштеп калдым. Жылда кароо-сынактар болот. Айылдын адамдары өздөрү артист болушчу. Көрсө, эл акча менен эмес, маданият менен тарбияланат экен. Муну өкмөт менен партия жакшы билет турбайбы. Идеологиянын эң күчтүү жоокерлери маданият адамдары экен да.

Андан кийин үйдөгүлөргө айтпай, жогорку окуу жайга тапшырып алгам. Ата-энемдин оюнда сот болушум керек эле. Бирок мен үчүн ал кезде музыкадан башка жашоо жоктой сезилчү. 1970-жылдары комуз менен ырдоо бааланбай, баары аккордеонго өтүштү. Комузду көп кармабай калдым. Кийинчерээк күүлөрдү чыгара баштадым. Агайым кайрыктарды кураштырганды үйрөттү. Аны кайра скрипкага салып угузат. Кайсыл жери жеткиликтүү болбой жатса, дароо оңдойбуз. Азыркы учурда жетпей калган жерин техниканын жардамы менен  иреттеп жатышпайбы! Баары окшош, жакшы эле. Бирок, жан дүйнөдөн чыккан эмес. Обондордун супсак болуп калганы ошондон болот. Жан дүйнөдөн жаралган эмес.

— Композитор жана обончу… Экөөнүн чеги эмнеси менен айырмаланып турат? Азыркы жаш муундарда композитор барбы?

— Обончу деген биздин композиторлордун көралбастыгынан эле келип чыккан сөз. А негизи музыка жазгандын баары композитор деп аталат.

Бизден да күчтүү, таланттуу жаштар бар, бирок жан дүйнөсү «сынып» калган. Маселен, чыгарган обонунан кынтык таппайсың, бирок улуттук колорит жок, чет өлкөнүн кайрыктарын алышат. Улуттук баалуулукту сактоо жагынан, азери, грузин, армян, өзбек, тажиктер кыйын келишет. Казак менен кыргыз башка жакка ооп кетебиз. Казакстан азыр «казактын ар бир баласы милдеттүү түрдө домбура ойносун» деген мыйзам кабыл алып койду. Башка мамлекеттерде бул нерсе кеңири тараган.

Учурунда Кыргызстанды көп кыдырдым. Кайра куруу доору башталган учурда маданият көчөдө калган. Ар бир жердин маданият үйү, китепканасы жабылып, андагы китептер көчөгө ыргытылган. Өз көзүм менен көргөм. Ал тургай ошол китептерди үйүмө жыйнап алгам. Азыр китептерим аябай көп (күлүп). Бир эле мисал келтирейин: Сокулуктун Асылбаш деген айылында маданият үйү бар эле. Ал жерге концерт койгону барсам, бомба түшкөндөй жымжырттык. «Таңгөрү, бул жакка эмне болгон?» — деп, эшигин ачсам эле эшеги, башкасы чууруп чыкса болобу. Бир маалда бирөө жетип келип, «Бул жакты эмнеге ачтың?» — деп мени тилдеп, баарын кайра кубалап киргизди. Мал сарай кылып салыптыр. Аскар Акаевдин учурунда маданиятты ушинтип талкалашкан. Ошол кезде маданият үйүн айыл өкмөтүнө өткөрүп берип, сактап калышкан Дооронбек Садырбаевдин айылына ыраазы болгом. «Эгерде бир мамлекетти жок кылгың келсе, бомбалап кырбастан, жөн гана маданиятын талкалап сал» деген сөз бар. Андайлар трагедия чакырган, элдин салтын жамандаган, элди маңкуртчулукка чакырган обон жаздыртып, тасма тарттыртып, акысына чоң сыйлыктарды уюштуруп беришет. Анан экинчи тарабы өсүп келаткан жаңы муунду башка нукка буруп талкалашат.

— Азыркы обондорго болгон сиздин оюңуз  жана бааңыз?

— Азыркы обондорго менин баам тескери. Силердин муун обон жаза албай калдыңар. Бирок ага силер күнөөлүү эмессиңер, чөйрө күнөөлүү. Себеби 1990-жылдан баштап маданият тармагы, анын ичинен музыка сабагы талкаланды. Балдарга эстетикалык тарбия бере турган сабакты жок кылышты. Ал сабак аркылуу колориттик ырларды угуп, манасчылык, дастанчылык өнөрдү аркалашкан.

Макул, жеңил обондорду жазып жатабыз. Бирок классикалык музыка жазуу абдан татаал да. Эки-үч жылдап жазып, канча деген мээнет кетет. Бүткөн соң андай эмгек, анан автор бааланбаса, жазгандын эмне кереги бар?! Оркестрге ойнотуп көрөйүн десең, «акчасын төлө» дейт.

— Атак-даңк, дөөлөт келгенде адам баласы өзгөрүлөт экен. Чыгармачылыктагы бышып-жетилип турган учуруңузга кайтып келсек… 

— Жубайым Каныкей экөөбүз учурунда азыркы сөз менен айтканда, «звезда» болгонбуз.  Атак-даңк, дөөлөттү көтөрүп жүрдүк жакшы эле. Көөп, чиренген учурубуз болгон жок. Эл катары чыгармачылык, жашоо-тиричилик, гастроль менен алышып гана жүрчүбүз. Азыр кичине кол чаап койсо эле мурдун көтөрүп калгандар көп. Аларга: «Кыргыз музыкасына эмнени жаратып, эмнени жасадың?» — деген суроону бергиң келет да. Чыгармачылыгын аңтарсаң, көбү плагиат. Анын баарына өзү автор болуп алган. Андайлар болгону убактылуу гана. Азыр кырк-элүү жыл мурун чыккан обондор кайрадан ырдалып чыгууда. Азыркылар ошондой убакыт элдин эсинде сакталабы?! Бир обонду кайра уккандан тажап калган замандабыз.

— Обондоруңузду чогултуп коюу оюңузда барбы? 

— 800гө жакын обонум бар. Буга чейин «Тандалма обондор» деген китеп чыгаргам. Ал жакка 335 обон кирген. Пандемия учурунда архивди карап отуруп, сонун обондорду таап чыктым. Буюрса, февраль айында 400дөн ашык обон камтылган экинчи китебимди чыгарам.

— Союз учурунда чет жактарга чыгуу жагы кандай эле?

— Ал кезде мыйзам күчтүү болчу. Искусство адамдары бекер чыкчу. Кичине доллар берет. Ага сувенир эле келчү. Бизден көп таланттар, алсак, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов жана башкалар чет жакка чыгышса, миллиондорду таап, атагы алыска кетмек. Дүйнөгө таанымал Болот Миңжылкыевдей үн эч кимде болгон жок. Дүйнө жүзүндө 5 бас үндүү таланттын бирөөсү — Болот Миңжылкыев. Биз бааладыкпы?! Опера жагы анчалык өнүкпөгөндүктөн, баалай алган жокпуз.

— Адамдардан эмнени баалайсыз?

— Ар бир элдин маданият тарабына көз салам. Маданияттуу адам эч убакта жаман ишке барбайт, колунан андай нерсе келбейт дагы. Андайлар болгону жакшылыкты ойлоп, жакшылыкты гана жасайт. Музыка — атом энергиясындай. Анын потенциалын туура эмес колдонсоң, тозокто каласың. Ар бир адамдын жан дүйнөсү музыкага байланыштуу. Музыканы көрө албайсың, үндү гана угасың. А үндүн кандайын тандап угасың, сенин жүрүм-турумуң ошого байланыштуу.

1 пикир

1 пикир

  1. ДЖаныл Осмонканова

    14.01.2022 10:04

    Атайбек агай Каныкей эже ЖУРОГУМ СИЗДЕР МЕНЕН ! СИЗДЕРДИН ОБОН, ЫРЛАРЫНЫЗДЫ ОТО СУЙОМ ,СИЗДЕРДИ УРМАТТАЙМЫН ! АСЫЛ ,АЛТЫН , КАУХАР ,БАА ЖЕТКИС СОНУН АДАМДАРСЫЗДАР!
    ОМУРУНУЗДОР УЗУУН БОЛО ЭКЕН ДЕП ТИЛЕЙМИН ! ДЕН СООЛУКТА БОЛУНУЗДАР ! ИЙГИЛИКТЕРДИН ТУУ ЧОКУСУНДА ,БАК ДООЛОТТУ БОЛУП ,БАР БОЛУНУЗДАР !

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM