Марал Радиосу

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 10-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 859 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 138 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 547 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.