Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынан чек арачы аскер шеригин атып салды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кыргыз-тажик чек арасынын Сада тилкесинде нөөмөттө турган ИИМдин ички аскерлер кызматынын 707-бөлүгүнүн аскери, 2002-жылы туулган Н.уулу Т. жанындагы шеригине курал кезеп ойноп жатып, күтүүсүздөн машааны басып алган.
Ок жаңылган катардагы аскер, 2003-жылы туулган М.уулу Т. дароо ооруканага жеткирилген, бирок жараатынан улам эсине келбей каза болгон.
Окуя боюнча Ички аскерлердин жетекчилиги милиция кызматкерлери менен биргеликте текшерүү, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.