Марал Радиосу

Музыкант Викрам тууралуу президенттин басма сөз катчысы пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча пикирин билдирди.

«Бизди бир катар чет элдик маалымат каражаттарында кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахыновду Казакстанга митингдерге катышуу үчүн келген деструктивдүү элемент катары көрсөтүүгө аракет кылган басылмалар тынчсыздандырат.

Азыркы оор кырдаалда Казакстандын тиешелүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзүүсү маанилүү.

«Учурда эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери жана Ички иштер министрлиги аркылуу Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, — деди КР президентинин басма сөз катчысы.

Буга чейин казакстандык маалымат каражаттары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжетти көрсөткөн. Анын айтымында, «белгисиз адамдар» ага 90 миң теңгеге митингге катышууну сунушташкан. Кармалган жаран 2-январда буга чейин Алматыда болгонун айткан. Аны батирге алып кетишкенден кийин, ал жерде Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары да (онго жакын адам) болгон.

Туугандарынын айтымында, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыда гастролдоп барып турчу. Жаңы жылдын алдында ал Алматыга концерттик программаларды өткөрүүгө чакырылган. Алматыга билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынып, 2-январда саат 20.00дө Алматы шаарына учуп кеткен.

Учурда Ички иштер министрлиги Викрам Рузахуновдун кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.