Марал Радиосу

Музыкант Рузахунов боюнча ырчы Гүлзада Рыскулова да өз пикирин билдирди

Интернет айдыңында Викрам Рузахуновдун кармалганы боюнча нааразычылктар күчөп жатат. Буга карай ырчы Гүлзада Рыскулова да өз оюн билдирди.

«Викрам Рузахунов виртуоз музыкант, пианист!
Бул жалган жалаа! Тарых кечирбейт!!! Эки элдин ортосуна от жакпагыла!! Бул жигиттин мойнуна илип жатасынар, ишенбейм!!!!! Мен ишенем Викрам мындай иштерге барбайт!! Ал Казакстанда башка өнөр адамдарындай эле иштеп жүргөн экен.. Казак элин Кыргыз элине кагыштыруу максатында акмактардын аракети башталды!!»- деп жазды ырчы «Instagram» баракчасына.

Ошондой эле ырчы «Instagram» баракчасынын «Сторис» бөлүмүнө казак элинин башына кыйын күн түшүп турганда кыргыздар жардам берип жаткан жалгыз эл болуп турганын белгилеген казак боордошубуздун пикирин да киргизди.

 

Эске салсак, 9-январда Казакстандык телеканал башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.