Марал Радиосу

Балбандар Акжол Махмудов жана Роман Власов биргелешкен машыгуу өткөрдү

2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов менен Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов биргелешкен машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу орусиялык спортчу социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялады.

«Өз элинин татыктуу уулу. Орусияга кош келдиң, менин досум жана бир тууганым», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин орусиялык спортчу Роман Власов Акжол Махмудовго беттешүүнү сунуштаган. Ал эми Махмудов чакырыкты кабыл алып, Бишкекте жолугушууну сунуштаган.