Марал Радиосу

Алматыдагы аэропортту басып алууга 800гө жакын адам катышкан

Башаламандык учурунда 800дөй адам Алматы шаарындагы эл аралык аэропортту басып алган. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги  билдирди.

Министрлик мунун натыйжасында 60 рейс учуп, 56 каттам токтотулуп, жол тыгыны жаралып, Алматыдан учуп кете албай же кайра келе албай калган жарандарга чоң көйгөйлөр жаралганын белгиледи.

Мындан тышкары аэропорттун имаратындагы бардык бутиктер, дүкөндөр жана кассалар тонолгон.

Эске салсак, 5-январда аэропортту митингчилер басып алышкан. Аэропорттун басма сөз кызматы маалымат каражаттарына учак уурдоо болгонун тастыктап, жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланганын билдирген. Ошондой эле айрым  каттамдар токтотулган.