Марал Радиосу

Казакстанда тополоң фактылары боюнча 125 кылмыш иши козголду

Казакстанда болгон тополоң фактылары боюнча 125 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдирди.

Анын айтымында, милиция тарабынан зордук-зомбулук, адам өлтүрүү жана тоноо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө болгон тополоңго байланыштуу 5 миң 135 адам кармалганын билдирген.

Ошондой эле милиция кызматкерлери менен курсанттардын ур-токмокко алынып, алардын формасын, атайын жабдыктарын тартып алышып, алар ээн-эркин ок чыгарып, тартип сакчылары эле эмес, карапайым жарандар да набыт болгон. Тополоңдо 400 унаа талкаланган, анын 346сы милиция кызматкерлери.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда жергиликтүү маалымат каражаттары аймактардагы бардык май куюучу жайларга күйүүчү май берүү жанданып, азык-түлүк үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын, республика боюнча зымдуу интернет кошулганын, бирок мобилдик интернетке туташуу дагы деле мүмкүн эместигин жазып чыгышты.