Марал Радиосу

Кыргызстанда 1280 адам коронавирус менен ооруса, 160 адамдын абалы оор

 

Кыргызстанда 1280 адам коронавирус менен ооруп, учурда дарыланып жатат. Ал эми 160 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Стационарда 402 адам, амбулатордук (үй шартында) 878 адам дарыланууда. Алардын ичинен 29 адам өтө оор, 131 адам оор абалда. 232 бейтаптын абалы орточо. Ал эми 10 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республика боюнча 60 адам, анын ичинен Бишкекте 40, Чүйдө 4, Ошто 1, Ысык-Көлдө 7, Жалал-Абадда 8 адам айыгып чыкты.

Коронавирус илдети башталгандан  бери расмий маалыматтар боюнча 180 миң 281 адам айыгып чыкты.