Марал Радиосу

Казакстанда 10-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу Акордонун сайты жазды.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көптөгөн адам курмандыктарына байланыштуу ушул жылдын 10-январын Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алды» , — деп айтылат маалыматта.