Марал Радиосу

Казакстан: Актауда митингчилер акырындан тарап жатышат

Актауда митингчилер тарай баштады. Бул тууралуу «Sputnik Казакстан» агенттиги билдирди.

«Ынтымак» борбордук аянтында митингчилер боз үйлөрүн, чатырларын чечип, буюм-тайымдарын жыйнаштырып, таштандыларды чогултуп, четинен кетип жатканы айтылат маалыматта.

Учурда аянтта 50-60тай адам калган. Арасынан үчөө элди кетпей, аягына чейин турууга үндөөдө.

Ошондой эле Актауда мобилдик байланыш, интернет калыбына келгени белгилүү болду.

Коомдук унаалар да кадимки тартипте ишин улантууда.