Марал Радиосу

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалганын «РИА Новости» билдирди.

Бул маселе боюнча сотко чейинки тергөө иштери 6-январда башталган.

«Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип, УКМКнын мурдагы төрагасы К.К.Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин экс-кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев өлкөдөгү кризистин себептеринин бири жогорку даражалуу аткаминерлер менен коопсуздук кызматкерлеринин чыккынчылыгы экенин айтты.