Connect with us

Кыргызстандык аскерлер Алматыга барды

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 181 | 0

Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн учактары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн алкагында кыргызстандык аскерлерди Алматыга жеткиргенин «РИА Новости» Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.

«ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу контингенти аскердик техникасы менен Кант аэродромунан Казакстандын Алматы аэродромуна Орусиянын Ил-76 аскердик-транспорттук учагы менен жеткирилди», — деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү башаламандыктарга байланыштуу аскердик жардам сурады. ЖККУ Казакстанга жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алды. Анын курамына Кыргызстан, Армения, Орусия, Беларусь жана Тажикстандын аскер кызматкерлери кирет. Алар административдик жана дипломатиялык имараттарды кайтарып, жергиликтүү аскерлерге тартипти сактоого жардам беришет. Бириккен топтун аракеттерине Орусиянын Аскер аба десант күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Андрей Сердюков жооптуу.

Эскерте кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM