Марал Радиосу

Казакстандагы башаламандыкта каза болгондордун саны 26 адамга жетти

Казакстандагы башаламандыктардын кесепетинен каза тапкандардын саны 26 адамга жетти. Бул тууралуу «ORDA» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.

Маалым болгондой, 800гө жакын адам ар кандай жаракат алган. 2-январдан тарта уланып жаткан нааразычылык акциялары учурунда жалпы 3 миң адам кармалды.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режими кирген.