Марал Радиосу

Ташиев: Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатабыз

Казакстандагы кырдаалды жөнгө салуу максатында Кыргызстан 150 аскерин жөнөтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты. Андан тышкары 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүү пландалууда.

Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү; Армения 100-300, Орусия 1400, Беларусия 400, Тажикстан 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алган.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.