Марал Радиосу

Бекешев: Садыр Жапаров Токаевдин ЖККУга кайрылуусун колдоду

Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусун колдойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттерге жазды.

6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кечээ кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашкан.

Бүгүн, 6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Бүгүн саат 14.00дө Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев  баяндама жасайт. Ошондой эле Ташиев Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды жетектемей болду.