Марал Радиосу

Алматыда түндө дүкөндөр менен банктар тонолду (видео)

 Бүгүн, саат 10:30 карата Алматыда ызы-чуу токтоду, көчөлөрдө митингге чыккан адамдар көрүнбөйт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысынын учурдагы абал тууралуу берген маалыматында айтылат.

Ал билдиргендей, дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолуп, терезелер талкаланып, жол чырактар кулатылган. Казакстан ишкерлеринин улуттук палатасына ишкерлерден 150дөн ашык кайрылуу түшкөндүгү маалымдалды.

Ошондой эле, Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.