Марал Радиосу

Өзбекстандын президенти кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Шерзод Асадов маалымдаган.

Асадовдун айтымында, Мирзиёев өткөн жылы да январь айынын башында кыска убакытка эмгек өргүүгө чыккан. Ал эмгек өргүүсүн Өзбекстандын аймагында өткөргөнү айтылган.

Шавкат Мирзиёев президенттик мөөнөтүндө ушуну менен үчүнчү жолу расмий түрдө эмгек өргүүсүнө чыкты.