Марал Радиосу

Казакстандагы абалды чагылдырган сүрөттөр

Казакстанда 5-январга караган түнү болгон нааразычылык акциясынан жалпы 200дөн ашык адам кармалды. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, бейбаштык, мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты сотко чейинки тергөөгө алынды», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда жергилктүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан.

Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган.

Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон.

Алматы шаарында 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилген.