Марал Радиосу

Генералдар клубунун мүчөлөрү ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 5-январда Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, мүчөлөрү Бекмолдо Ишимов, Курман Кубатбеков, Абдылда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Алымбай Султанов жана Абдукапар Мавлянов ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук-саясий абал милиция тарабынан толук көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Генералдар ИИМдин Басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен да таанышып, социалдык түйүндөр менен иштөө принциптери, техникалык жабдууларын көрүштү.