Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 6-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдордо кар жаап, муз тоңот.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, мезгил-мезгили менен туман түшөт.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +7…+9 градус болот.