Өткөн суткада 5 миң 177 адам COVID-19 вакцинасын алды. Анын ичинде 2344 адам биринчи дозасын алышкан, 2833 адам экинчи дозасын алган.
Жалпысынан вакцинанын биринчи дозасы менен 1 млн 236 миң 206 жаран, экинчи дозасы менен 1 млн 23 миң 602 адам эмделди.
Кыргызстанда соңку суткада коронавирус менен катталганлар кескин көбөйүп, 5-январга карата 152 адамдан аныкталды.
Акыркы жолу 2021-жылдын 4-сентябрында 154төн ашык учур катталган. Ошондон бери оорунун азайышы байкалып жаткан.
Өлкөдө эмдөө аракети 29-мартта башталган.