Марал Радиосу

Казакстан: Газды кымбаттаткан үчүн завод директору кармалды

Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы газды кайра иштетүүчү «Казак газ кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсы заводунун директору жана күйүүчү майдын электрондук соодасы боюнча кызматтын жетекчиси кармалды.

Бул тууралуу “Казакстан” телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдун директору суюлтулган газдын баасын себепсиз көтөргөн. Бул факты боюнча Казакстандын Финансылык мониторинг агенттиги сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. «Казак газ кайра иштетүүчү заводу» бүтүндөй Мангистау облусун жана жакынкы аймактарды газ менен камсыздаары кабарланды.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда жергилктүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан. Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган. Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон. Алматы шаарында 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилген.