Марал Радиосу

ИИМ: Майрам күндөрү мыйзам бузуулар катталган жок

Жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция кызматкерлери көзөмөл кылууну улантышууда. Эс алуу күндөрүндө бардык зарыл болгон чаралар көрүлдү, маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган объектилер корголду.

Ыкчам-криминалдык абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.