Марал Радиосу

Кыргызстанда 103 миңден ашуун адам жумушсуз

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 103,3 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Бул көрсөткүч мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуз жарандар. Маалыматтар 2021-жылдын 1-декабрына карата алынган.

Бул 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2,4 пайызга көп.

Катталган 103,3 миң жумушсуз жарандардын 45,6% аялдар түзөт. Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Андан соң Ош облусу турат. Баткен облусу жумушсуздардын саны боюнча алдыңкы үчтүктө турганы маалымдалды. Жумушсуздардын саны боюнча эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда экени көрсөтүлгөн.