Марал Радиосу

Министрлик Ташиевдин абалы боюнча маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге пневмония диагнозу коюлду.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ташиев тапшырган ПЦР тест коронавирус аныкталбаганын көрсөткөн.

Азыр Ташиев Республикалык клиникалык ооруканада жатканы, абалы канааттандырарлык экени айтылды.