Марал Радиосу

Соңку суткада коронавирус менен катталгандар кескин көбөйдү

Кыргызстанда 5-январга карата 152 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 112,

Ош шаарында – 10,

Чүй облусунда – 12,

Ош облусунда – 11,

Ысык-Көл облусунда – 3,

Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Пандемия башталгандан бери 185 миң 31 адамга коронавирус жукту.

Соңку суткада эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 809га жетти.

Акыркы сутка ичинде 53 адам илдеттен сакайып чыкты, былтыртан бери коронавирустан 180 миң 50 киши айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 271 бейтап, амбулатордук түрдө 414 адам дарыланууда.