Марал Радиосу

Казакстан: 200дөн ашуун адам кармалды

Казакстанда 5-январга караган түнү болгон нааразычылык акциясынан жалпы 200дөн ашык адам кармалды. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Коомдук тартипти бузган 200дөн ашуун адам кармалды. Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, бейбаштык, мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Милиция коомдук тартипти бузуу фактыларына бөгөт коюу жана тартип бузгандарды кармоо боюнча мыйзамда белгиленген чараларды көрөөрү айтылат.

Ошондой эле башаламандык учурунда 100гө жакын милиция кызматкери, 37 кызматтык унаа жабыркаганы маалымдалды.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, тургундар жергиликтүү бийлик органдарынын жана прокуратуранын эскертүүлөрүнө карабастан чагымчыл чакырыктарга берилип, элдин тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерге барышкан.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда айдоочулар автоунааларга бензиндин кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан. Полиция демонстранттарды таратууга аракет кылып, аларга каршы күч колдонгону кабарланган.

Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон.