Марал Радиосу

Казакстан: Токаев аткаруу бийлигин сындады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу 5-январда казак президентинин расмий сайты жазды.

Токаев премьер-министр Аскар Мамин отставкага кетүү боюнча арыз жазганын жана анын отставкасы кабыл алынганын билдирди. Конституцияга ылайык, премьер-министр отставкага кетсе, өкмөттүн ыйгарым укуктары токтотулат.

Жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өкмөттүн азыркы мүчөлөрү ишин уланта беришет. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Алихан Смаилов дайындалды.

Касым-Жомарт Токаев жыйындын катышуучуларына кайрылып, аткаруу бийлиги негизги милдеттеринин бири – инфляцияны ооздуктоону аткара албай калганын белгиледи.

Токаев өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин Алматы жана Мангистау облусунда абал акырындык менен оңдолуп жатканын айтты. Ал кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык ыйгарым укуктар берилгенин, күч түзүмдөрү милдеттерин ийгиликтүү аткарып жатканын белгиледи.

Токаев учурдагы кырдаалды турукташтырууга багытталган бир катар тапшырмаларды койду.

-Монополияга каршы органга Ишкердик кодексинин 119-беренесине ылайык, суюлтулган газдын баасын 180 календардык күн ичинде убактылуу жөнгө салуу тапшырылды.

-Аймактарда калк үчүн эң жогорку баа өткөн жылдын аягындагы баадан ашпашы керек.

-Өкмөткө суюлтулган газды электрондук соода аянтчалары жана биржалар аркылуу сатууга толук өтүүнү бир жылга жылдыруу тапшырылды.

-Башкы прокуратурага бааларга текшерүү жүргүзүп, 20 күн ичинде отчет берүү тапшырылды.

Ошону менен бирге мамлекет башчы өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык түзүмү өзгөрүүсүз каларын белгиледи. Анын пикиринде, бирдиктүүлүк, мыйзамдын үстөмдүгү, менчик укугун урматтоо жана рынок экономикасы сыяктуу принциптер мамлекеттин саясатында өзөктүү бойдон калат.