Марал Радиосу

Кытайдагы жер көчкүдөн 10 адам каза болду

Кытайдын түштүгүндөгү Гуйчжоу провинциясындагы жер көчкүдөн улам 10 адам каза болду. Дагы төртөө дайынсыз жоголгону кабарланууда.

Бул тууралуу 4-январда окуя болгон Бицзе шаарынын администрациясына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Каргаша 3-январь күнү кечинде Бицзе шаарындагы курулуш объектисинде болгон. Кабарда 1000ге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөнү жана 16 экскаватор менен куткаруу иштери уланып жатканы айтылат.

Жабыркагандар ооруканада, куткаруучулар жана полиция дайынсыз жоголгондорду издөөнү улантууда.

Жер көчкү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам топурак жана таштар жылып кеткенине байланыштуу болгону айтылды.

Exit mobile version