Марал Радиосу

Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды

Франциянын түштүгүндө коронавирустун жаңы түрү табылды. Бул тууралуу Австриянын Heute гезити жарыялады.

Басылманын маалыматы боюнча, Камерундан кайтып келген француздардан COVID-19дун белгисиз түрү табылган. Дарыгерлер бул штаммдын козгогучтары африкалык өлкөлөрдө кеңири тараганын моюнга алышууда.

Окумуштуулар жаңы вируста 46 мутация бар экенин билдиришип, аны B.1.640.2 деп аташты. Азырынча штаммдын коркунучу же инфекциялык деңгээли боюнча маалымат жок.

Буга чейин орусиялык изилдөөчү Александр Драган коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтобой турганын жана бүт дүйнөдө “омикрон” штаммына байланыштуу дагы эки толкун болоорун айткан.

Exit mobile version