Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге министрлери кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кабыл алынган чечимге ылайык, кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.
Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.