Пандемия учурунда ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторийдин мөөнөтү аяктагандыктан, 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести пландуу текшерүүлөр кайра жанданды.
Эскерте кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта текшерүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, 2020-жылдын аягында бул мөөнөт дагы бир жылга узартылган.
Кыргызстанда эки жылдан бери ишкерлер 10 ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн бошотулган болчу.
Алар:
- Соцфонд
- Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
- Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
- Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
- Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
- Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти
- Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө бөлүмү.