Марал Радиосу

Казакстан: Актау жана Жанаозенде демонстранттар көчөгө чыкты

Казакстандын Актау жана Жанаозен аймагында жергиликтүү тургундар түнү нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тууралуу  Tengrinews.kz басылмасы Мангистау облусунун акимиатына шилтеме берип жазды.

«Актау жана Жанаозен шаарларында нааразычылык акциясы болуп, анда авто унаа ээлери суюлтулган газдын баасынын өскөнүнө каршы чыгышкан. Укук коргоо органдары бул боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, суюлтулган газдын баасын базар аныктай тургандыгын, суроо-талапка жараша баа бекитилип турарын айтты» — деп билдирген акимиат.

Ошондой эле күч органдар Казакстандын мыйзамдарына ылайык, тургундардын митингге чыгышы мыйзамсыз экенин эскерткен.

3-январга караган түнү казакстандык айрым басылмалар Актау жана Жанаозен шаарларында нааразычылыкка чыккандар жолду жаап алышканын айткан.