Марал Радиосу

Кытай Кыргызстанга 1 млрд юань кайтарымсыз жардам берет

Кытай Кыргызстанга 1 млрд юань кайтарымсыз жардам бере турган болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 31-декабрда министрликтин имаратында буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашылган келишимдерге кол коюу салтанаты өттү.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень эки келишимге кол коюшту. Биринчисинде 350 млн юань, экинчисинде 650 млн юань бөлүү макулдашылды.

Бөлүнгөн каражат социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду колдоо үчүн жумшалат.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Амангелдиев элчи Ду Дэвэнге министрликтин «Ардак грамотасын» тапшырды.