Марал Радиосу

Ош шаарынын борбордук аянтынан 3 унаа таштанды чыкты

Жаңы жыл салтанатынан кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 26 куб, тагыраагы, 3 унаа таштанды чыкты. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалым болгондой, таштандынын басымдуу бөлүгү желим баштыктар, үйлөмө шарлар, тамак-аш калдыктары болгон.

Таштанды тазалоо бүгүн, 1-январда таңкы 5те башталган. Ишке 25 жумушчу, 3 унаа чыккан.

«Ош-Тазалык» ишканасы борбордук аянтка балаты орнотулган күнү 20 пластик таштанды челек коюлуп, ал күн сайын тазаланып турганын кошумчалап өтүшкөн.