Марал Радиосу

ИИМ: Жаңы жылга караган түнү 82 кылмыш катталды

31-декабрда республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 599 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бир күн ичинде жалпы 94 кылмыштын бети ачылды.

Ошол эле учурда 26 жол кырсыгы катталган. Андан каза тапкандар болгон эмес, 30 адам ар кандай жаракат алган.

Негизинен өтө чуулгандуу окуя катталган эмес. Дээрлик тынч өткөн.

Милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөөнү бүгүн да улантат.