Марал Радиосу

COVID-19: Каза тапкандар катталган жок

COVID-19 боюнча республикалык штаб 1-январга карата 59 адамдын коронавирус жугузганы аныкталганын билдирди.

Анын 33ү Бишкек шаарынан, 9у Чүй облусунан, 8и Жалал-Абад облусунан, 6сы Баткен облусунан, экөө Талас облусунан, бирөө Нарын облусунан катталган.

Ошол эле учурда 45 адам сакайып чыкты. Бул суткада каза тапкандар катталган жок.

Учурда 256 бейтап стационарларда, 333 бейтап амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 184 миң 748 адам коронавирус жугузган. Анын ичинен 179 миң 871 бейтап айыгып чыгып, 2 миң 802 адам көз жумган.