Марал Радиосу

Өкмөттө инвестиция боюнча дагы бир мекеме түзүлөт

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин KADI мекемеси жөнүндө жобо бекитилди. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Агенттик — инвестицияларды тартуу, экспортту илгерилетүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишине көмөк көрсөтөт.

Агенттик Инвестициялар министрлигинин инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо маселелери боюнча укугун улантуучу болуп саналат.

Негизги милдеттери төмөнкүлөр:

– инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө боюнча чараларды ишке ашыруу;

–  ички жана тышкы рынокту талдоо, сатуу рынокторун аныктоо;

– инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу.