Марал Радиосу

Путин кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады.

Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.

Биз Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.