Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият-Тарых-Тил» каналынын жана Кыргыз радиосунун алып баруучусу Гүлшан Молдоева «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамын алды.
Ушундай эле ардак наам төмөнкү маданият, искусство ишмерлерине да берилди:
Асылбек Өзүбеков, актёр, обончу, ырчы, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
Бегайым Жайчиева, Кыргыз радиосунун үн режиссёру, «Бөбөк сенин жомогуң» уктуруусунун алып баруучусу;
Турусбек Жумалиев, актёр, режиссёр, «ТV-1 Ракета-Медиа» телекомпаниясынын алып баруучусу;
Алымкул Исаков, актёр, Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын директору;
Кайымбек Кускаков, опера ырчысы, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хор солисти;
Гүлбара Маматова, дирижёр, хормейстер, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хорунун башкы хормейстери;
Александра Марусич, Ч. Айтматов атындагы Кыргыз улуттук орус драма театрынын актрисасы;
Исабек Муратов, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин музыканты;
Режебали Тажибаев, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу-драма театрынын актёру;
Жолдош Эркимбаев, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын режиссёру.
Бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды (тизме)