Марал Радиосу

Заманбап мектеп модели кандай болушу керек? (адистин жообу)

Эмгек сиңирген мугалим Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган «Заманбап мектеп модели жана улуттук, гумандуу, демократиялык баалуулуктар» аталышында баяндама жазуу сынагы өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан мектеп жетекчилери, мугалимдери активдүү катышты. Жыйынтыгында 2022-жылдын 5-январында өтө турган конференцияга 7 мугалим жолдомо алды. Мугалим Орозали Сайдилканов менен заманбап мектеп модели жана иш-чаранын маани-маңызы тууралуу маек курдук.

—  Алдыда өтө турган конференцияда кандай максат, пландар коюлду? Кандай жыйынтыкты күтүп жатасыз?

— Иш-чаранын негизги максаты: Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү, мугалимдердин, ата-энелердин, ошондой эле коомчулуктук көңүлүн кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, гумандуу мамиленин жана демократиялык маданияттын баалуулуктарына бурдуруу. Ошондой эле конференция кыргыз элинин улуу эл катары дүйнөлүк аренада ордун табуусуна багытталган. Иш-чара жакшы өтүп, күткөн жыйынтыктарды берет деп ишенем. Ага өлкөнүн билим берүү системасына кызыкдар адамдарды чакырдык. Коюлган максатка жетебиз деген ниеттемин.

— Бул иш-чараны эмне себептен 70 жылдык мааракеңиздин алкагында пландадыңыз? 

— Негизи конференцияны мааракенин урматына арноо максат эмес болчу. Педагогика багытында 52 жыл эмгектендим. Анын ичинде 40 жылга жакын мектептин директору кызматын аркаладым. Ишмердигимдин отчёту катары уюштурулду. Карысаң деле тоолоруң кулабайт экен. «Жакшы уул-кыздарыбыз болсо, идеяң өлбөйт, кылган эмгегиң текке кетпейт» деген ой менен ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз.

— Учурдагы билим берүү системасында сизди ойлонткон кайсы маселе бар?

— Көп жылдан бери чечилбей келаткан маселелер көп. «Окуучуну кантип окутуу керек?» деген көйгөй бар. Мисалы, китептердин сапаты, ичинде кандай окутуу программалары каралган, ошого маани берүү керек. Окуучуларга да жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык билим берүү шарт. Айылдагы жана шаардагы окуучулар үчүн атайын программа түзүлгөн. Балдарга келечекте ийгиликтүү жашоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ал үчүн балдар өз чөйрөсүнө, аймагына жараша кесиптерге ээ болушу зарыл. Ал эми экинчи көйгөй, аларды ким окутат? Педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайлардан адистер жакшы даярдалып чыкпай жатат. Даяр эмес мугалим кандай ыкма менен балага билим бере алат? Мугалим болууну каалаган гана кадрларды даярдоо керек.

— Сиздин оюңуздагы заманбап мектеп модели кандай болушу керек?

— Заманбап мектеп – улуттук жана дүйнөлүк маданиятты айкаштыра билген, сынчыл көз караштагы, логикалык ойлоосу терең, акыл калчап ой жүгүрткөн жана адамдар менен баарлашуу чеберчилигине ээ болгон окуучуларды тарбиялап чыгуу. Мектеп бул касиеттердин баарын балдарга жеткире алышы керек.

— Улуттук, гумандуу, демократиялык баалуулуктарга да басым жасалыптыр. Айтсаңыз, бул түшүнүктү мектептен баштап берүүнүн мааниси эмнеде? Бүгүнкү балдар бул баалуулуктарды канчалык деңгээлде түшүнүп өсүп жатышат?

— Улуттук жана демократиялык баалуулуктар мектептен башталса, окуучулардын эрте жаштан жан дүйнөсүнө сиңет. Алардын жанына, канына сиңгенден кийин оңой менен жок болбойт. Ошол себептен бул программаны мектепке киргизүү маанилүү. Бала жаш кезинде көп нерсени сиңире алат. Ошондуктан «баланы жашынан» деген сөз бар. Балага адам болуу касиеттерин канчалык эрте берсек, ошончолук деңгээлде таасирленет. Ал эми балдар канчалык деңгээлде түшүнөт, ал процесс мугалимге байланыштуу. Мугалим канчалык кесипкөй, чыгармачыл болсо, ошончолук жугумдуу болот.

— Тажрыйбасы мол мугалим катары азыркы мугалимдерге кандай кеңеш айтасыз?

— Мугалим болуу үчүн эң биринчи, балдарды сүйүү керек. «Баланы түшүнүп, ага ишенип мамиле кылгыла» деп кеңеш берем. Бала — тынымсыз өнүгүүнү талап кылган түзүлүш. Аны тынымсыз өнүктүрүү үчүн мугалим өзү тынымсыз изденип, кесиптик тажрыйбасын өнүктүрүп турушу зарыл. Мугалим мекенчил болбосо, окуучу эч качан мекенчил болбойт. Гумандуу педагогика баланы сүйүү, аны өөп коюу эмес, анын келечегине кам көрүү дегенди түшүндүрөт.

— Маегиңизге ырахмат!